Жаңылыктар
Чемпиондор Лигасынын жарым финалында кез келчү атаандаштар аныкталды
Спорт
Чемпиондор Лигасынын жарым финалында кез келчү атаандаштар аныкталды

Чемпиондор Лигасынын жарым финалында ойной турган атаандаштар белгилүү болду. 13-апрелде УЕФАнын штаб квартирасында өткөн чучукулактын жыйынтыгында төмөндөгү командалар бири-бири менен кез келмей болушту:

«Бавария» (Германия) – «Реал» (Испания)

«Ливерпуль» (Англия) – «Рома» (Италия)

Жарым финалдын биринчи беттеши 24-25-апрелде өтөт. Ал эми жооптук оюн 1-2-майда болмокчу.

Чемпиондор Лигасынын финалдык беттеши Киев шаарынын "Олимпийский" стадионунда 26-майда орун алат.