Жаңылыктар
Оштогу Кара-Дарыя суусунун жээгин бекемдөө иштери улантылууда
Өзгөчө кырдаал
Оштогу Кара-Дарыя суусунун жээгин бекемдөө иштери улантылууда

Ош облусунун  Өзгөн районундагы  Кара-Дарыя суусунун  жээгин бекемдөө иштери улантылууда.  Эске сала кетсек,  11-апрелде  катуу жааган жаандын кесепетинен  районго караштуу  Баш-Дөбө айыл аймагында  Кара-Дарыя суусу  ташкындап, Бак тилкесинде 107 гектар үлүш жерди, Өзгөн Девзира кооперативинин 234  гектар  жерин суу каптап кеткен. Мындан сырткары,  Жаңы-Жол тилкесинде  болжол менен 18 турак үйлөрдү суу каптоо жана табигый жээкти жеп кетүү коркунучу жаралган. 

Өзгөчө  кырдаалдар  министрлигинен  билдиришкендей, суу жээгинен  баш аламан кум, шагыл ала  берүүнүн кесепети  суунун  нугунун  бурулушуна  алып  келип, жакын жайгашкан турак жайлар, айдоо  аянттарын жууп  кетүүгө  шарттап жатат. Ушундай  эле көрүнүштөр  өлкө  аймагындагы башка  дарыяларда болууда.  

Синоптиктер  алдыда  туруксуз аба күтүлүп жаткандыгын  билдирип, мындай көрүнүш бүгүнкү күндө  суу каптоо, сел каптоо, кар көчкү, жер көчкү, таш кулоо өңдүү  табигый кырсыктарды  пайда  кылышы  мүмкүңдүгүн  айтышууда. Жарандар  алдын ала айтылган билдирүүлөргө  кулак түрүп, эстен чыгарбоо зарылдыгын  эскертишти. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.  

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"