Жаңылыктар
Кара-Дарыя суусуна жеңил унаа түшүп кетип, 2 адам жабыркап, 3 адам каза болду
Кырсык
Кара-Дарыя суусуна жеңил унаа түшүп кетип, 2 адам жабыркап, 3 адам каза болду

2018-жылдын 13-апрель күнү саат 14:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Достук айылында "Фольксваген-Гольф 3" үлгүсүндөгү мамлекеттик №B85-48A жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып Кара-Дарыя суусуна түшүп кеткен. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыктын кесепетинен жеринде 2 адам каза болуп, 2017-жылы туулган наристе ооруканада каза болгон.
Ал эми жабыркаган 2 адам райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.