Жаңылыктар
Жалал-Абаддын борбордук базарын өрт каптады
Аймак
Жалал-Абаддын борбордук базарын өрт каптады

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базардын миң чарчы метрден ашуун аянты күйүп кетти. Кырсык 13-апрелге караган түнү саат экилер чамасында катталды. КАН: Тилсиз жоо борбордук базардын азык-түлүк сатылчу бөлүгүн жалмаган. Тиешелүү кызматтар өрттүн келип чыккан себеби менен келтирилген чыгымды аныктоо иштерин жүргүзүүдө. 

Өрт өчүрүү кызматына кабар түшкөндөн кийин 5-6 мүнөт аралыгында өрт кызматынын унаалары борбордук базардын оозуна жетип келген. Бирок алар кырсык болгон жерге ошол замат кире алышкан эмес. Себеби унаа жүрүүчү жол тосулуу болуп, аны ачуу үчүн жарым саатка жакын убакыт кеткен.

Бобордук базардын күлгө айлаган жагында азык-түлүк жана кийим-кечелер сатылчу. Өрт каптап кеткен жайдын аянты 1 миң 300 чарчы метрди түзөт. Кырсык чыккан базардын жарымынан көбү шаардын муниципалдык карамагындагы, калганы жеке менчик тарапка таандык.

Менчик базардын кароолчусу, өрттүн чыкканына күбө болгон Тынчтыктын айтымында, өрт муниципалдык тараптан чыккан.
Ал эми шаардык муниципалдык базардын кароолчусунун көрсөтмөсү кесиптешинин айтканына карама-каршы келет. Ал өрт менчик базардан чыкты дейт.

 Канткен күндө да базардагы сатуучулардын айласы кетип тураган учур. Бири 500 миң сомдук, бири 1 миллион сомдук товарым күлгө айланды деп көз жашын тыя албай жатышат.