Жаңылыктар
С.Жээнбековдун Бельгияга болгон иш сапары жыйынтыкталды
Саясат
С.Жээнбековдун Бельгияга болгон иш сапары жыйынтыкталды

Президент Сооронбай Жээнбековдун Бельгияга жасаган эки күндүк иш сапары жыйынтыкталды. Брюссель визитинде кыргыз лидери Европа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерико Могерини, Европа парламентинин жетекчиси Антонио Таяни, Европа союзунун кеңешинин төрагасы Дональд Туск жана Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер менен жолугушуп, биргеликте билдирүү жасашты.

Кыргызстандын жаңы президентинин ички жана тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттарын билүү Европа биримдигинин институттарынын жетекчилерине маанилүү. Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушууда Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан тандап алган парламенттик демократия, экономикалык жактан туруктуу мамлекет куруу, адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, мыйзамдын артыкчылыгын, социалдык адилеттүүлүктү, толеранттуулукту, басма сөз эркиндигин коргоо жана пикирлердин плюрализмин камсыз кылуу багытынан тайбастыгын баса белгиледи.

Европасоюзунун институттарынын бардык жетекчилери менен жолугушуу жакшы жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү.

Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн билдирүүсүндө Европа союзунун институттарына визити Кыргызстандын Европа союзу менен кызматташууга артыкчылыктуу маани берээрин ырастап тургандыгын белгиледи. “Биз Европа союзун туруктуу өнүктүрүү максатындагы маанилүү өнөктөшүбүз деп эсептейбиз жана өз ара тыгыз аракеттенүүгө даярбыз”, - деп баса белгиледи мамлекет башчы.