Жаңылыктар
Бишкек шаарында 13 көчө толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарында 13 көчө толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Бишкек шаарында 13 көчө толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Ремонт иштери 1-июнга чейин созулат. Калаа башчысы Албек Ибраимов иштин жүрүшү менен таанышып чыкты.

Оңдолуп жаткан Эркиндик бульварынын күн батыш тарабына, Киев көчөсүнөн тарта Бөкөнбаев көчөсүнө чейин таш таман төшөлүп, шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн шарттар түзүлө турганы коомдук талкууга коюлган.

Калаанын ичиндеги жолдордун оңдолушунун жүрүшү менен таанышып жүргөн мэрге шаардыктар учурдан пайдаланып, кызыктырган суроолорун узатып, жооп ала алышты. Алар билдирген башкы көйгөй - көп кабаттуу үйлөрдүн жанында балдар аянтчасы жок.

 Аянты 30 гектарды камтыган “Ататүрк” паркын көрктөндүрүүнү Албек Ибраимов мерчемдеп жүргөн.

Оңдоодон өтүп жаткан көчөлөр 1-июнда пайдаланууга берилет. Маалым болгондой, жакынкы жылдары дагы 100 көчө жаңыртылмакчы.