Жаңылыктар
Өлкөдө жыл башынан тарта 878 өрт кырсыгы катталды
Кырсык
Өлкөдө жыл башынан тарта 878 өрт кырсыгы катталды

Жыл башынан бери өлкө аймагында 878 өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоонун кесепетинен 28 адам каза тапкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу болжол менен 20%га көп. Өрттүн 70%ы турак жай секторлорунда катталган. 

Кырсыкка көп учурда электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык, балдардын от менен ойноосунан жана көңүл кош мамиле себеп болот дешет адистер.