Жаңылыктар
Сапар Исаков: "Ыктыярчы болуу - бул чоң жоопкерчилик"
Спорт
Сапар Исаков: "Ыктыярчы болуу - бул чоң жоопкерчилик"

Ыктыярчы болуу - бул чоң жоопкерчилик. Мындай пикирин премьер-министр Сапар Исаков Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катыша турган ыктыярчылар менен жолукканда билдирди. Көчмөндөр оюну дүйнөлүк коомчулуктун көнүлүн өзүнө бура баштады. 

Келечекте Олимп оюндары сыяктуу деңгээлге чыгат деген ишеним бар, - деди өкмөт башчы. Бул иш-чараны өткөрүүдө ыктыярчылардын ролу чоң. Дал ушул сиздердин аракетиңиздер менен чет элдиктер Кыргызстанга болгон өз баасын берет, - деп кошумчалады ал. Мына ушундай жогорку деңгээлдеги өнөктүктү өткөрүү менен өлкө өнүгөрүн эске салды.