Жаңылыктар
Кыргызстанда 600 адам бөйрөк алмаштырууга муктаж
Ден соолук
Кыргызстанда 600 адам бөйрөк алмаштырууга муктаж

Кыргызстанда 600 адам бөйрөк алмаштырууга муктаж. Алардын 5 пайызы  жаш балдар. Бейтаптар  орган алмаштыруу операциясын чет мамлекеттен  жасатууга аргасыз болушууда. Кыргызстанда генетикалык анализди  чыгаруучу лаборатори жок. Ошондой эле трансплантатция боюнча мамлекеттик программа кабыл алынган эмес. 

Дарыгерлердин эсеби боюнча трансплантологиянын жолго коюуу үчүн жок дегенде жылына мамлекеттен  200 миллион сом бөлүнүшү керек. Мында маселе бүгүн   “ Жардам керек- органдарды алмаштырууда Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин арасында артта калды” деп аталган  маалымат жыйынында айтылды. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.   

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"