Жаңылыктар
Баш калаада грэпплинг боюнча өлкө биринчилиги өтөт
Спорт
Баш калаада грэпплинг боюнча өлкө биринчилиги өтөт

Бишкекте грэпплинг боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Грэпплинг федерациясынан маалымдашкандай, мелдеш 29-апрель күнү Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда уюштурулат. 

Анда өлкө аймагынан чогулган 18 жаштан улуу курактагы спортчулар беш салмактык категория арасында ат салышат. Спорттук иш-чарага жүздөн ашык балбан катышып, мыктылары өлкөнүн курама командасына тандалат.