Жаңылыктар
Былтыр алынып келинген 15 тез жардам унаанын экөө гана ишке жарактуу болуп чыкты
Ден соолук
Былтыр  алынып келинген 15 тез жардам унаанын экөө гана ишке жарактуу болуп чыкты

Эл аралык эксперттердин чыгарган бүтүмүнө ылайык, "Dutch Health BV" компаниясы былтыр Кыргызстанга алып келген 15 тез жардам унаасынын экөөсү гана ишке жарактуу. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Коомдук кеңештин төрагасы Айбар Султангазиев кабарлады. 

Анын айтымында, жети унаа коопсуздук талаптарына таптакыр жооп бербейт, салонунун сапаты дагы төмөн. Ал эми алты унаа олуттуу оңдоп-түздөөлөргө муктаж. 

Эксперттердин чечими боюнча, "Хендай Портер" үлгүсүндөгү унааларга тыюу салыш керек. Анткени анын ичинде бейтаптын баш жагында медкызматкер үчүн орундук жок. Ошондой эле мындай унааны күтүүсүз кырдаалдарда пайдалануу да кооптуу. Ал арада адистер "Тойота Хайс" унааларын көрсөтүлгөн сунуштамаларды эске алуу менен колдонсо болорун айтышат.