Жаңылыктар
ЖК: окуучуларга мектепте смартфон алып жүрүүгө тыюу салынышы мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
ЖК: окуучуларга мектепте смартфон алып жүрүүгө тыюу салынышы мүмкүн

Жогорку Кеңештин социалдык саясат жана билим берүү комитети окуучуларга мектепте смартфон алып жүрүүгө тыюу салуу боюнча токтом долбоорун карайт. Токтом долбоору мектеп окуучуларынын адеп-ахлагын сактоо менен билим алуусун жакшыртууга багытталган. 

Долбоордун авторлору билдиргендей, смартфондор аркылуу балдар интернеттен терс таасирленип, сабакка көңүл бурбай, телефон тиктеп отурган учурлар көп катталууда. Демилгечилер смартфондорду мектеп аймагында колдонууга тыюу салууну сунуштап жатса, жарандык активисттер мындай токтом долбоору балдардын укугун бузат деп кабатыр болушууда.