Жаңылыктар
Май айында Кыргыз драма театры Каракол шаарына сапар тартат
Маданият
Май айында Кыргыз драма театры Каракол шаарына сапар тартат

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры май айынын 7-8-9-10-11-12 күндөрү  Каракол шаарына чыгармачылык иш сапар менен барат. Бул тууралуу аталган театрдан маалымдашты. 

Чыгармачыл топ сапардын алгачкы күнүн театрдын реперуарына жаңыдан кошулган акын, драматург Бактыгүл Чотурованын калемине таандык Индия элинин улуу эпосунун негизинде сахналаштырылган «Рамаяна» спектакли менен ачышмакчы. 

Спектаклдин режиссеру театрдын көркөм жетекчиси Назым Мендебаиров. Андан кийин  В.Гогольдун калемине таандык «Үйлөнүү», Ч.Айтматовдун калемине таандык «Саманчынын жолу», К.Иманалиевдин калемине таандык «Керээз» спектаклдери Каракол шаарынын тургундарына тартууланат. 

7-май         Б.Чотурова “Рамаяна” (драма),  

8-май         Н.В.Гоголь “Үйлөнүү” (комедия)

9-май         Ч.Айтматов “Саманчынын жолу” (драма)

10-11-12-май К.Иманалиев “Керээз” Боронбай бий  (тарыхый драма)

Өтүүчү жай: К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театры  

Башталышы:18-30