Митингге чыккан Ош базарынын сатуучулары менен өкмөт башчы Сапар Исаков жолугуп алардын пикирлерин укту. Жолугушууда премьер-министр бир жума ичинде өрттөн зыян тарткан соодагерлердин маселеси чечилерин, Ош базары көчүрүлбөй турганын айтты.
Ал эми компенсация төлөө маселеси боюнча так маалымат айтылган эмес. Исаков ошондой эле күйүп кеткен соода базары бир ай ичинде калыбына келтирилерин билдирди. Эске салсак, бүгүн өкмөттүн алдына Ош базарында чыккан өрттөн зыян тарткан сатуучулар митингге чыгышты. Учурда 5400чарчы метр аянтты жалмаган өрттүн себептери такталууда. Укук коргоо органдары"өрт атайын коюлушу мүмкүн" деген версияны да карап жатат.