Жаңылыктар
Бишкек шаарынын деталдуу планы электен өтпөй калды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарынын деталдуу планы электен өтпөй калды

Документти талкуулаганга мэр Албек Ибраимов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, архитектура, шаар куруу боюнча мекемелердин жетекчилери жана шаар тургундары катышып, жыйынтыгында архитекторлорго деталдуу планды кайрадан карап чыгып, жеткире иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Талкуу кызуу мүнөздө өтүп, талаш-тартыш менен коштолду.

Шаардыктар деталдуу так планды бекитүү аркылуу туура эмес курулуштардын мыйзамдалышына жол берилет деп чочулап, ортодо жаралган суроолорун адистерге узатышты. Баш калаанын борбордук бөлүгүн камтыган долбоорду чийип чыгуу милдетин Бишкек долбоорлоо институту алган. “Алтын квадрат” - деп аталган аянт 3540 гектарды камтып, анда шаардын келечеги эске алынып карта чийилген. Мэр Албек Ибраимов жарандарга калааны өнүктүрүү деталдуу планга байланыштуу экенин түшүндүрүп, ал эми институт аткарган иштер суроолорго жооп берген жок деп белгиледи. 

2006-жылы шаардын башкы планы кабыл алынып, анын негизинде 2014-жылы баш калаанын борбордук бөлүгүнүн картага түшүрүп чыгуу колго алынган. Долбоордун авторлору айтылган сунуштарды эске алмай болушту. Эми деталдуу планга оңдоп-түзөтүүлөр киргизилет, ал ортодо коомдук фонд түзүлүп, долбоордун ишке ашуусуна каалоочулар салымыш кошсо болот.