Кыргызстан менен Түркиянын мамилеси жаңы деңгээлге чыгып, мындан ары кызматташууга багытталган бир катар келишимдерге кол коюлду. Ал эми Европа биримдиги менен биздин өлкө жакынкы келечекте бекем саясий диалогду орнотуп, басма сөз эркиндигин коргоо, коррупцияга каршы күрөш жана демократиялык баалуулуктарды сактоо багытында иш алып бармакчы. Мындай келишим Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркия жана Европага болгон сапары учурунда жетишилди. Түркияга президенттин расмий сапары 9-10-апрелде болду. Жогорку деңгээлдеги саясий иш-чара Түрксой 2018-жылды залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялаган убакка туш келди. Буга байланыштуу өлкө башчысы Анкара шаарында Чыңгыз Айтматовдун бюстуна гүл коюп, бир мүнөт үн катпай улуу жазуучуну эскерди.
Ошондой эле президент Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемаль Ататүрктүн мавзолейине барып, анын бейитине гүлчамбар койду. Ал эми расмий сапардын негизги маңызы - боордош өлкөлөрдүн мындан ары мамилесин чыңап, узак жана кыска мөөнөттүү кызматташтык маселелерин талкуулоо. Сооронбай Жээнбеков эки күндүк сапарда Түркиянын президенти Рэджеп Тайып Эрдоган, өкмөт башчы Бинали Ыйлдырым жана парламент спикери Исмаил Кахраман менен кездешип, эки тарапты кызыктырган бардык маселелер талкууланды. Энергетика, транспорт, айыл чарбасы, саламаттык сактоо, маданият жана билим берүү, инвестиция тартуу маселелерине токтолушуп, мамлекет башчылары эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн жылына 1 млрд долларга чейин жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн баса белгилешти.
Визиттин жыйынтыгы менен эки тараптуу кызматташтыкка багытталган 6 документке кол коюлду. Мындан сырткары Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтык келишимдерин талкуулап, ишке ашыруу боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйынын өткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. Президент Сооронбай Жээнбеков кесиптешин Кыргызстанда күздө өтчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырып, Реджеп Тайып Эрдоган ага жалгыз эмес, үй бүлөсү менен келмей болду. Талкууга алынган маселелердин маңызы - Кыргызстандагы парламенттик демократияны өнүктүрүү, экономикалык жактан туруктуу жана стабилдүү мамлекет куруу, адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, мыйзамдын артыкчылыгын басма сөз эркиндигин коргоо болду. Келечекте Европа биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд долларга жеткирүү максаты да коюлду.
Мындан сырткары миграцияны азайтуу, таза суу, ирригацияны жөнгө салуу маселелери ортого салынды. Жолугушуулардан кийин Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер Кыргызстанга болгон өзүнүн өзгөчө жылуу мамилесин ачыкка чыгарды. Ошондой эле президент жана Евробиримдик жетекчилери Кыргызстан менен кеңири өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча келишимди алдыга жылдырууга түрткү беришти. Документ кошумча талкуулардан кийин жакынкы күндөрү кабыл алынмакчы. Маалымат жыйында президенттин кийинки сапары Орусияга жана Кытайга болору жана ага дыкат даярдыктар көрүлүп жатканы айтылды.