Жаңылыктар
Ош базарынын айланасындагы келишпестиктер муну менен эле токтоп калбайт
Кыргызстан жаңылыктары
Ош базарынын айланасындагы келишпестиктер муну менен эле токтоп калбайт

Дал ошол өрттөнүп кеткен "Береке" соода түйүнүнүн так маңдайынан орун алган "Ала-Арча" базарынын айланасында ар кайсы жерге туруп соода-сатык кылган айрым сатуучулар маалымат жыйынга чогулушту. Айтымдарында ушул тапта Ала-Арча соода комплексине кошумча салынып жаткан курулуштун канчалык деңгээлде мыйзамдуу экендигин аныктоо. Сатуучулар нааразы болуп жаткан аймак Киев жана Кулиев кесилишиндеги дал ушул жер. 

Бул аймакта ушул тапта эч кандай оруну жок, бирок ары-бери жылып, эч ким кубалабай турган жер издеп, күнүмдүк соода сатыгын жүргүзүп жаткан сатуучулар турат. Аларга болсо, жаңыдан гана башталып, темирлер менен минтип кынапталып жаткан курулуш иши жаккан жок. Ал эми сатуучулар нааразы болуп жаткан базардын жетекчилиги баардык курулуш иштерине уруксат берилген документтерин көргөзүп жатат. Муну менен катар бул аймак башынан эле Ала-Арча соода түйүнүнө тиешелүү болгон. Ал эми курулуш иши муниципалдык жер болгон эл өтүүчү тротуарга эч кандай залакасын тийгизген жок. 

Эки тараптын мындай келишпестигинен улам, курулушка канчалык деңгээлде мыйзамдуу уруксат берилгендиги тууралуу Бишкек архитектуралык курулуш башкармалыгына кайрылдык. Бишкек мэриясынан кабарлагандай, базардын айланасындагы баш аламан соода кылгандарды иретке келтирүү иши байма-бай жүргүзүлүп келет. Жада калса, анын айланасындагы жолдор оңдолуп, кеңейтилип, соодагерлер базардын сыртына чыкпагыдай тосулган тосмолор көйгөйдү чечкендей болгон. Бирок абал өзгөргөн жок, тескерисинче башаламан соода күчөдү деп нааразы болгондор көп.