Ош шаарына жаңы таштанды таштоочу контейнерлер алынып келди. Бул тууралуу «Ош-Тазалык» ишканасынан билдиришти.
Ишкананын жетекчиси Талант Капаровдун айтымында, алар Черемушка аймагындагы чирип, тешилген контейнерлердин ордуна коюлат.
«Ишкананын бюджети көбөйүп, өз эсебибизден алгачкы жолу жаңы техникаларды, контейнерлерди сатып алып жатабыз. Чындыгында таштанды салуучу контейнерлердин көпчүлүгү эскирип, чирип, таштандылар төгүлүп калган учурлар болуп жатат. Жакынкы жердеги тамактануучу жайдагылар, нан, самса, шишкебек бышыргандар ысык күлдү өчүрбөстөн төгүп, анын оту тутанып, контейнерлердин сыры кетип жатат. Бул шаар тургундарынын акчасына алынып жаткандан киийн элибиз да ар бир буюмду жакшы сакташы керек», - деди Т.Капаров.
Жаңы контейнерлер ишкананын өз эсебинен алынды. Жалпы 40 контейнер жаңыланып, алар шаардын көчөлөрүнө орнотулат. Контейнерлерди сатып алууга 2 миллион 604 миң сом сарпталган.