Жаңылыктар
Бостери жана Бактуу-Долоноту айылдарындагы мыйзамсыз курулуштар алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Бостери жана Бактуу-Долоноту айылдарындагы мыйзамсыз курулуштар алынды

Ысык-Көл районунун Бостери айыл аймагынын Бостери жана Бактуу-Долоноту айылдарында кызыл сызыктан чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштар алынды.

Буга чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кызыл сызыкка салынган курулуш ээлерине бир нече жолу эскертүү беришкен, мыйзамсыз кармалган каша, сарай, мончо, чач тарач, соода түйүндөрү жолдорду тарытып, коммуналдык кызматтын жолду жана түтүкчөлөрдү оңдоп-түзөө иштерине тоскоолдук жаратып келген.

Белгиленген мөөнөттө талаптарды аткарбаган жаорандардын курулуштары толугу менен алынды.

Мындан тышкары, Бостери айылындагы 7 көчөгө, Бактуу-Долонту айылындагы 3 көчөгө жарыктар коюлуп, айыл ичиндеги жолдор оңдолмокчу. Мындан улам мыйзамсыз курулуштар алынууда.