Жаңылыктар
Ак-Суунун шахматчылары облустук спартакиадада 2-орунду ээлешти
Спорт
Ак-Суунун шахматчылары облустук спартакиадада 2-орунду ээлешти

Ак-Суу районунун шахматчылары облустук спартакиадада экинчи орунду алды. Бул тууралуу Ак-Суу райондук спорт мектебинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, Ак-Суу районунун шахматчылары Каракол шаарында өткөн мектеп окуучулары арасындагы облустук спартакиадада 2-орунду жеңип алышты. Облустук шахмат федерациясы 2-орунду алган ак-суулук окуучуларды дипломдор жана медалдар менен сыйлады. Байгелүү орунду алууга салымын кошуп, команданын капчыгына көп упай топтогон Абдрашов Сагынбек, Борончиев Батырбек, Нурдинов Азамат, Асанова Алина, Кемелова Нуркыз эми республикалык спартакиадада облустук курама командада ойнош

Ак-Суу районунун шахматчылары машыктыруучулар Деркембаев Самат, Усупбаев Омордун жетекчилигинде машыгат.