Жаңылыктар
Ошто аскерлер арасында футбол, волейбол боюнча мелдеш өттү
Спорт
Ошто аскерлер арасында футбол, волейбол боюнча мелдеш өттү

Ош шаарында аскер бөлүктөр арасында волейбол, кичи футбол боюнча мелдештер өттү.

Маалыматка караганда, мелдеште 29-май Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөн күнүнө карата коюлган кубокко тандоо туруна тандоо жүргүзүлдү.

Футбол боюнча жыйынтык:

- 1-орун — Баткен шаарынан келген №30630 аскер бөлүк;

- 2-орунга — Мады айылындагы №92840 аскер бөлүк;

- 3-орун — Ала-Букадан келген №30670 аскер бөлүк.

Волейбол боюнча жыйынтык:

- 1-орун — Ала-Бука районунан келген №30670 аскер бөлүк;

- 2-орун — №02626 аскер бөлүк;

- 3-орун — №36806 аскер бөлүк.

Калыстар тобунун чыгарган жыйынтыгы менен «Мыкты чабуулчу» деп ефрейтор Залкарбек Нематжан уулу, «Мыкты коргоочу» деп капитан Тынчтык Исмаилов «Мыкты оюнчу» деп прапорщик Кайрат Көчкөнбаев аталды. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.