Жаңылыктар
Өрт кырсыгынан жабыркагандарга колдоо каралат
Кыргызстан жаңылыктары
Өрт кырсыгынан жабыркагандарга колдоо каралат

 Премьер-министр Сапар Исаков, коммерциялык банктардын жана микрокредиттик уюмдардын жетекчилери менен Бишкек жана Жалал-Абад шаарларынын базарларындагы өрт кесепетинен жабыркаган ишкерлерге көмөк көрсөтүү маселесин талкуулоо үчүн жолугушту.

 Өкмөт башчы жарандарга көмөк көрсөтүүдө күч-аракетти бириктирүү, анын ичинде, кредиттер боюнча үстөктөрдү төлөөнү кийинки мөөнөткө жылдыруу, пайыздарды эсептөө мөөнөтүн жылдыруу, ошондой эле жабыркаган ишкерлерге кредит берүү мүмкүндүгүн карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды. Жолугушуунун катышуучулары жабыркагандарга көмөк көрсөтүүгө жана колдоо көрсөтүүнүн мүмкүн болгон ыкмаларын иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.