Жаңылыктар
Тогуз-Тородогу башаламандыкка байланыштуу 15 адам кармалды
Кылмыш
Тогуз-Тородогу башаламандыкка байланыштуу 15 адам кармалды

Тогуз-Торо районундагы башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде 15 адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Бул иш боюнча жүздөн ашык адам суракка чакырылган. Белгилей кетсек, 11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар нааразылыкка чыгып, ишкананын имаратын өрттөп салышкан. 

Андагы башаламандык боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Ээнбаштык" жана "Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Ага ылайык, козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүүдө.