Жаңылыктар
С.Жээнбеков Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасын кабыл алды
Саясат
С.Жээнбеков Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасын кабыл алды

Ар түрдүү чыр-чатактардын алдын алыш үчүн мамлекеттик чек аранын тартибин сактоо боюнча, жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Мындай тапшырманы Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алган учурда айтты. Жолугушууда мамлекеттик чек арадагы пайда болуп жаткан көйгөйлөрдү жөнгө салуу маселелери жана абалы талкууланды.

 Мамлекет башчысына мамлекеттик чек араны күзөтүү жана коргоо боюнча, ошондой эле кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларындагы жакында болуп өткөн окуяларга байланыштуу абал боюнча аткарылып жаткан жумуштар жөнүндө маалымат берилди.

 Президент Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан, өзгөчө жергиликтүү тургундар жашаган чек арага жакын жерлерде көзөмөлсүз өтүүгө жол бербеш үчүн уюштуруучулук жана техникалык мүнөздөгү чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы участокторунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуунун көбөйүшүн эске алуу менен Президент Сооронбай Жээнбеков өткөрүү пункттарында адамдардын жана транспорттун көп топтолушуна жол бербөө иш-чараларын улантууну тапшырды. Жолугушууга Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, Кыргыз Республикасынын кеңешчиси Жеңиш Разаков дагы катышты.