Жаңылыктар
“Достук” көзөмөл бекетинде видеокөзөмөл аркылуу иш жүргүзүлөт
Чек ара
“Достук” көзөмөл бекетинде видеокөзөмөл аркылуу  иш жүргүзүлөт

“Достук” эл аралык көзөмөл-өткөрүү жайынын чек арачылары мындан ары видеокөзөмөл аркылуу кыймыл-аракетти тасмага тарткан аппараттын жардамы менен иштейт.  Максаты көзөмөл-өткөрүү жайларындагы коррупциялык аракеттерди болтурбоо. 



2010-жылдан бери бир тараптуу жабык турган “Достук-автожол” эл аралык көзөмөл-өткөрүү жайы өткөн жылдын сентябрь айынан тартып, толук кандуу иштей баштады. Аталган жайды кесип өткөндөрдүн саны күнүнө 10 миңден 12 миңге чейин жетип жатат.

Эки тараптуу каттамдын мындай жандануусу бир катар зарылчылыктарды да шарттаган. Мамлекеттик чек арадагы өткөрүү жайларын эл аралык талаптарга жооп бере алчу денгээлге жеткирүү максатында, президент Сооронбай Жээнбеков, февраль айында өткөн коопсуздук кеңешинде тийиштүү кызматтарга бир топ тапшырмаларды койгон. Ага ылайык, Мамлекеттик чек ара кызматы аталган жайга январда 4, мартта дагы ушунча сандагы кошумча тейлөө терезелерин ачкан. Азыркы тапта жалпы 14 бөлүм иштеп жатат. Заманбап технологиянын натыйжасында, тейлөөнүн мөөнөтү да эки эсеге кыскарган.