Жаңылыктар
Өкмөттүн өткөн жылдагы ишин депутаттар канааттандырарлык эмес деп баалады
Саясат
Өкмөттүн өткөн жылдагы ишин депутаттар канааттандырарлык эмес деп баалады

Жогорку Кеңештеги азчылыкты түзгөн “Ата Мекен”, “Республика - Ата Журт” жана “Өнүгүү - Прогресс” оппозициялык фракциялары өкмөттүн 2017-жылда аткарган иши тууралуу маалыматын укту. 

Биргелешкен жыйында Премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрүнө депутаттар Кумтөр, Бишкек жылуулук борбору, жолдорду куруу, коррупцияга каршы аракеттер, тартылган инвестициянын көлөмү сыяктуу маселелер боюнча суроолорду берди.


Сапар Исаков баяндамасында былтыркы жылы өкмөт тарабынан аткарылган иштердин негизгилерин белгиледи. Ал экономика, ЕАЭБ алкагында кызматташтык, инвестиция, коопсуздук, чек араны тактоо, коррупция менен күрөш багытында ырааттуу жүрүп жаткан иштер, жарандардын ыңгайына карап “Таза Коом” программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор болду. 


Былтыр өкмөт туруктуу экономикалык өсүштү сактай алды. 2016-жылга салыштырмалуу, республикалык бюджеттин кирешеси 16%га өскөн. Ал эми экспорттун көрсөткүчү 27 пайызга, үчүнчү мамлекеттерге болсо 8% көбөйгөн.