Жаңылыктар
Ири коррупциялык иштердин бети ачылууда
Коррупция
Ири коррупциялык иштердин бети ачылууда

Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүү жана уурдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы эки ири компаниянын жетекчилери кармалды. Алар мамлекеттик казынадан кошумча нарк салыгын кайтарып алууну шылтоо кылып 290 миллион сомдон ашык каражат чыгарып кетишкен. 

Кечээ болсо УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы башкы прокуратуранын башкармалык жетекчисин 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармады. 

Бул атайын кызматтын «Таргет компани», «Тянь-Шань-Кайыңды» жана аларга байланышы бар “Скай Логистик», «Жибек жолу Транс» компанияларына санкциянын негизинде жүргүзгөн тинтүүсү. 


Ири кампанын ичинде шек жараткан товарлар, сейфте болсо тутам АКШ долларлары. Компаниялар бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча буга чейин козголгон кылмыш ишинин негизинде тинтилип, жетекчилери мамлекеттик казынадан кошумча нарк салыгын кайтарып алуу шылтоосу менен 290 миллион сомдон ашык каражат чыгарып кетишкени белгилүү болгон. Бул иштин алкагында эки жеке компаниянын жетекчилери кармалышты.

















Флаги блока:
На монтаж -- 0Смонтирован -- 0
Носители: