Жаңылыктар
Борбор калаага тигилген 9000 сомдук көчөттөр коомчулуктун талкуусуна калды
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаага тигилген 9000 сомдук көчөттөр коомчулуктун талкуусуна калды

Борбор калаанын жашылдандыруу ишканасы 14 миллион сомго ири өлчөмдөгү көчөттөрдү сатып алган. Мамлекеттик сатып алуулардын сайтында жарыяланган маалыматта ар бир көчөттүн баасы 4 миң сомдон 9 миң сомго чейин деп көрсөтүлгөн. 

Асмандын башын чапчыган мындай баа коомчулукта чуу жаратып, кымбат көчөттөр кайдан, кантип сатып алынганы бүйүр кызытты.  Отургузулуп жаткан көчөттөрдү Жашылдандыруу ишканасы 14 миллион сомго жакын каражатка сатып алган.

Баасы асмандаган көчөттөрдүн наркына таң калбаган киши аз. Анткени коомчулукта көчөттүн бир даанасы 9 миң сомго бааланаары эч кимдин оюна келген эмес. Ушундан улам да социалдык тармактарда, көчөт саткандар арасында жаңылык кызуу талкууланып, мэриянын дарегине катуу сындар айтылууда.

27 жылдык тажрыйбага ээ багбан Салтанат Айылчиева мэрия кымбат баада сатып алган көчөттөрдүн дээрлик бардык түрүн өстүрүп, сатат. Бирок бул аралыкта эч качан көчөттүн баасы 9 миң эмес, миң сомго чыкканын көргөн эмес. Анын пикиринде, тез өсүүчү дарактардын көчөттөрүн Жашылдандыруу ишканасы алардан ашып кетсе 300 сомдон сатып алса болмок.


Шаар бийлиги 9 миң 90 сомдон сатып алган көчөттөр булар. Сегиз жылдык, бойлору 3 метрге, жоондугу 10 смге чейин. Түштүк Магистралдын жээгине отургузулган жаш көчөттөр атайын комиссиянын, экологдордун сунушу менен алынган. Булар алдыдагы 2 жылда кадимки чоң дарактай деңгээлге жетет.