Жаңылыктар
Жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу Салайдин Авазов кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу Салайдин Авазов кармалды

Бишкек Жылуулук электр борборундагы авария боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. 

Авазов буга чейин “Электр станциялары” ишканасынын башкы директору болуп иштеген. 

Мындан сырткары, ошол кезде ишкананын директорунун орун басары кызматын аркалаган Жолдошбек Назаров да камакка алынды. 

Алар 17-апрелде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.