Жаңылыктар
Өлкө аймагында 20-апрелге чейин туруксуз аба ырайы сакталат
Өзгөчө кырдаал
Өлкө аймагында 20-апрелге чейин туруксуз аба ырайы сакталат

Өлкө аймагында 20-апрелге чейин туруксуз аба ырайы сакталат. Шашылыш билдирүүнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги таратты. 

Бул күндөрү мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, кар күрткү жүрүү коркунучу жогору. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоо этектеринде 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. 

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоолордо малды кармоону кыйындатат.