Жаңылыктар
Ш. Мирзиёев Ч. Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө боюнча токтомго кол койду
Маданият
Ш. Мирзиёев  Ч. Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө боюнча токтомго кол койду

Чыңгыз Айтматовдун  90 жылдыгы эл аралык коомчулуктун көңүл борборунда болууда. Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Чынгыз Айтматовдун  90 жылдыгын   белгилөө боюнча  2018-жылы 3-апрелде атайын токтом кабыл алды. Анда: “Чынгыз Айтматов жана Өзбекстан”-деген аталышта эскерүү китеби жазылып, даректүү тасма жана чыгармасынын негизинде көркөм фильм тартуу  планы белгиленгени айтылат. Ошондой эле 24-апрелде  өзбек жазуучулары Кыргызстанга келип Бишкек, Ош шаарында жыйын болорун улуттук  жазуучулар союзунун төрагасы билдирди.

Ал эми 19-апрелде “Түрксой” эл аралык уюму түрк тилдүү өлкөлөрдүн катышуусунда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесин ачуу салтанаты  Түркияда болот.  Бул тууралуу Маданият, маалымат жана  туризм министри билдирди. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио"