Жаңылыктар
"Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
"Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев кармалды

Айбек Калиев Бишкек жылуулук борборунда болгон авариянын алкагында козголгон кылмыш иши боюнча шектүү катары кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди. 

Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Эске салсак, 10-апрелде Айбек Калиев "Улуттук энергохолдинг компаниясы" Ачык акционердик коомунун жетекчилигинен бошотулган болчу. 

Буга чейин Калиев УКМКга 2 жолу суракка чакырылганы да маалымдалган.