Жаңылыктар
Жалал-Абаддагы соодагерлерге жергиликтүү бийлик тарабынан жардам берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абаддагы соодагерлерге жергиликтүү бийлик тарабынан жардам берилет

Өрттүн кесепетинен жабыркаган Жалал-Абад шаарындагы соодагерлерге жергиликтүү бийлик тарабынан жардам болот. Бул тууралуу вице-мэр Турдалы Темирбаев билдирди.

Атайын комиссиянын жүргүзгөн иликтөөсүнө ылайык, өрттөн жалпы 58 сатуучунун соода түйүнү күйүп кеткен. Анын ичинен 38и муниципалдык, калганы жеке менчик базардын соода түйүнү болгону аныкталган. 

Эске салсак, 13-апрелге караган түнү Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынан өрт чыгып, соода түйүн жайгашкан миң чарчы метрден ашуун жер күйүп кеткен. 

Окуя боюнча шаардык ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин "өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу" беренеси боюнча иш козгогон. Өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо максатында атайын тиешелүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө иши жүрүүдө.