Жаңылыктар
Бишкекте эки кызды сүзүп кеткен айдоочу камакка алынды
Кырсык
Бишкекте эки кызды сүзүп кеткен айдоочу камакка алынды

Бишкекте эки кызды сүзүп кеткен КамАЗ жүк ташуучу унаанын айдоочусу камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди. Учурда айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды. 

Маалыматтарга ылайык, каза болгон кыздар Нарын облусунун Эмгекчил айылынын тургундары. Маркум кыздардын айылдашынын айтымында, кыздар классташ болушкан. Алардын бири үй-бүлөдө кыздардын улуусу болсо, бири үйдө жалгыз кыз болгон. Алар Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде окушкан. Эске салсак, 16-апрелде Бишкек шаарындагы Учкун кичи районундагы Ауэзов көчөсү менен түндүк тарапка бара жаткан КамАЗ жүк ташуучу 2 кызды жөө адамдар өтүүчү жайдан cүзүп кеткен. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"