Жаңылыктар
Кара-Сууда ташты майдалап, кайра иштетүүчү завод курулду
Экономика
Кара-Сууда ташты майдалап, кайра иштетүүчү завод курулду

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен Кара-Суулук ишкер ташты майдалап, кайра иштетүүчү завод курган. Ишканада 10 жумушчу иштейт. 

Заводдун ишке кириши менен Кара-Суунун Шарк айыл аймагынын эли гана эмес, коңшулаш турган Ош шаарынын жашоочуларынын да түйшүгү жеңилдеген. Жолго кеткен убакыт менен аны ташып келүүдөгү акы үнөмдөлөт.
Таш майдалоочу заводдун суткасына 150 куб сырье даярдаганга мүмкүнчүлүгү бар. Ай сайын мамлекеттин казынасына 40 миң сомдон ашуун салык төлөйт. Ишкер, келечекте, заводду кеңейтүүнү, кошумча жумушчу орундарын түзүүнү дагы ниеттенип жатканын айтат.