Жаңылыктар
Ош базарын атайын өрттөшкөнбү?
Кырсык
Ош базарын атайын өрттөшкөнбү?

Ош базарында болгон өрттүн чыгышынын себебинин үч божомолу каралууда жана учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Жогорку Кеңеш Ош базарынын соода-рыноктук комплексинин аймагында үч жолу болгон жана апрелде Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында катталган өрттүн себептерин талкуулады. 

Жыйында Ош базары көчүрүлбөй турганы да айтылды жана өкмөт жапа чеккен ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды берүү маселеси каралууда. 

Жыйынга өрттүн кесепетинен жабыркаган соодагерлер да чакырылган. Жалпы зыян тарткан ишкерлердин атынан келип отургандар талаптарын билдирип буга чейин төрага менен да эки жолу жолугуп чыккан. Алар ириде тез арада соода орундары калыбына келсе деген тилекте. Жада калса бул жумуштарга өздөрү да кол кабыш кылууга даяр. Себеби арасында банктар аласасын доолай тургандары көп.
Өрт коопсуздугу боюнча маселе азыр эле пайда болуп калган жок деген депутаттар тиешелүү мекемелердин шалаакылык мамилесинин кесепетинен ушундай кырдаал түзүлгөнүн билдирди. Себеби бир да базар талапка жооп бербейт. Мындан улам айрым депутаттар мындай базаларды убактылуу жаап салуу боюнча тапшырма берүүнү талап кылды. Ошол эле учурда базарлардын кожоюндары милдеттүү камсыздандыруу алсын деген да талаптар коюлду.