Жаңылыктар
ЖКда "Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеси каралды
Кыргызстан жаңылыктары
ЖКда "Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеси каралды

18-апрелде Жогорку Кеңеште "Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеси каралды. Мыйзам долбоору аркылуу транспорт каражаттарын каттатуу мөөнөтүн 5 жумушчу күндөн 10 жумушчу күнгө чейин узартуу сунушталууда. Демилгечилер мындай ченем автоунаа каражаттарынын ээлери үчүн шарт түзүү максатында киргизилип жатканын айтып, унааларды азыркыдай 5 күндүн ичинде каттатууга бардык эле жарандардын мүмкүнчүлүгү болбой каларын белгилешти. 

Мындан сырткары унааны каттатуу жана кайра каттатуу эрежелерин сактабагандыгы үчүн унаанын ээсине 8 миң сом айып пул салуу сунушталды. Ал эми юридикалык жактарга 15 миң сом өлчөмүндө айып салынат. Мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды. Эми бул документ 3-окууда парламентте жактырылса, Президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.