Жаңылыктар
Сапар Исаков Кыргызстандагы Казакстандын элчиси менен жолугушту
Саясат
 Сапар Исаков Кыргызстандагы Казакстандын элчиси менен жолугушту

Премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстандагы Казакстандын элчиси Карим Кокрекбаев менен жолугушту. Анда өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды. Өкмөт башчысы эки мамлекеттин эли коңшулаш бир тууган элдерден экендигин, мындан улам Өкмөт Казакстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын билдирди.

Исаковдун айтымында, бүгүнкү күндө чет мамлекеттердин, анын ичинде Казакстандын рыногуна айыл чарба продукцияларын экспорттоону жогорулатуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Өлкөлөр ортосунда маданий-гуманитардык, анын ичинде маданий, спорттук иш-чаралар аркылуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Премьер-министр казак тарапты ушул жылы сентябрда өтчү Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жигердүү катышууга чакырды. Өз кезегинде, элчи өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы соода жүгүртүүнүн өскөндүгүнө канааттангандыгын билдирди. Ошондой эле ал Сапар Исаковго Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин 2018-жылдын май айында Астанада өтүүчү экономикалык форумга катышууга чакыруусун берди.