Түркияда 24-июнда мөөнөтүнөн мурда президенттик жана парламенттик шайлоо өтөт. Бул тууралуу өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган оппозициялык Улуттук кыймыл партиясынын башчысы Девлет Бахчели менен жолукканда айтканын "Hurriyet" басылмасы жазды. "Парламентте Бахчели парламенттик шайлоону эртелетүү керектигин сунуштады. Бул сунушту талкуулап, шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү керектиги боюнча бир пикирге келдик.
Чечим кабыл алынды, шайлоо 2018-жылдын 24-июнунда өтөт. Жогорку шайлоо комиссиясы даярдыктарды башташы керек", — деп Эрдоган журналисттерге билдирди. Ал ошондой эле шайлоолордун мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү тезинен президенттик башкаруу системасына өтүү керектиги менен түшүндүрдү.
Шейшемби күнү Бахчели парламенттеги Улуттук кыймыл фракциясынын жыйынында Түркияда президенттик система толук орной электигинен улам, 2019-жылы 3-ноябрда боло турчу шайлоону күтүп отуруунун кажети жоктугун айткан. Белгилей кетсек, 2019-жылы 3-ноябрга белгиленген шайлоодон кийин 2017-жылы апрелде өткөн референдумда кабыл алынган президенттик башкаруу жөнүндөгү токтомдор күчүнө кирмек.