Жаңылыктар
Өлкө аймагында 1805 айылдын 595 айылында таза суу көйгөйү бар
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө  аймагында 1805 айылдын 595 айылында таза суу көйгөйү бар

Бүгүнкү  күндө  өлкө  аймагында 1805  айылдын  595  айылында таза суу көйгөйү  бар. 309  айылда  таптакыр суу түтүктөрү  жок,  бул айылдардын тургундары таза сууну ар кандай булактардан, агындылардан аккан сууну ичүүгө аргасыз болуп  келишет. 

Буга байланыштуу  бүгүнкү  күндө  өлкөдөгү  айылдарды таза суу менен камсыз кылууга  республикалык бюджеттен биринчи жолу 100 миллион сом бөлүндү. 100 миллион сомго каражат аз сарптала турган жумуштар аткарылат, ал эми Дүйнөлүк банк жана ислам өнүктүрүү банкы тарабынан берилип жаткан 31,5 миллион долларга жаңы курулмалар орнотулат. Мындай маалыматтар  22-мартта,  Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк суу күнүнө арналган тегерек столдо тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тарабынан айтылды. Белгилей кетсек, буга чейин таза суу долбооруна Азия өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк 69,5 миллион   доллар  бөлүп,  акча каражаты  жосунсуз коротулгандыктан, 2012-жылы аталган долбоордун иши токтоп калган  болчу.

Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү 29 өлкөдө 450 миллион адам суунун жетишсиздигинен жапа чегет. Мындай көйгөйдөн Кыргызстан дагы куру эмес. Борбор Азиядагы суусу мол  өлкө катары эсептелсе дагы калкты суу менен камсыз кылуу жагынан маселе курч бойдон.

Бириккен улуттар уюмунун 2000-жылкы отчетуна ылайык, 2025-жылга карата  жер планетасында жашаган үч жарандын экөөсү керектүү деңгээлде суу менен камсыздалбаган аймактарда жашайт деп болжолдонот. Таза суу менен  камсыз кылуу  жана санитария  учурдун негизги  маселелеринин  бири деп белгиленет отчетто.

Кыргызстанда учурда маселени чечүүгө өкмөт батыл киришти.

Буга чейинки  таза суу долбоору  аркылуу республиканын  кээ бир айылдарында ичүүчү суу көйгөйү чечилген. Алардын катарында Баткен облусуна караштуу Карабак айыл аймагы бар. Бирок керектүү шаймандардын жоктугу мурда аяктаган ийги иштин бүлүнүшүн шарттодо дейт,- аталган айылга караштуу ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн  айылдык коомдук бирикмесинин жетекчиси  Мастира Нодирова билдирди.

2009-жылы эл аралык донорлордун колдоосу менен “Таза суу” программасынын алкагында эки долбоор ишке киргизилгени белгилүү. Бири Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынып, ал өзүнө өлкөнүн түндүк регионун камтыса, экинчиси Азия өнүктүрүү банкы  тарабынан каржылоого өтүп, түштүк региондорду жана Чүй облусун таза суу менен камсыз кылууну максат кылган. Бирок айрым кетирилген кемчиликтердин айынан “Таза суу” программасынын экинчи фазасы канааттандыраарлык эмес деп табылып, буга байланыштуу, өкмөттүн буйругу  менен  дүйнөлүк эки ири банк каржылаган долбоор Суу чарбасы боюнча мамлекеттик комитетинен  АРИСке өткөрүлүп берилген. Бирок, 2011-жылдын август айында долбоорду канааттандыраарлык эмес ишке ашыруу жана мурунку аткаруучу агенттиктер кетирген каталыктардан улам   Азия өнүктүрүү банкы долбоорду каржылоосун  токтотуп, жана  2013-жылдын 5-июлунда  долбоордун расмий жабылышы жарыялаган. Натыйжада, 2012-2014-жылдар аралыгында АРИС тарабынан “Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитария 2” долбоору ишке ашырылып,  жалпысынан 57 айыл толугу менен ичүүчү суу менен камсыздалган.

АРИСтин аткаруучу директорунун орун басары Арстан Муктаров, жаңы башталган долбоор мамлекеттин тыкыр көзөмөлүндө жүргүзүлөрүн  кошумчалап кетти. Белгилей  кетсек, 1993-жылдан бери БУУнун демилгеси менен Бүткүл дүйнөлүк суу күнү белгиленип келет. Кыргызстанда бул күн төртүнчү ирет өткөрүлүп келүүдө.

Г.Каражанова, Биринчи радио