Жаңылыктар
С. Жээнбеков парламенттик көпчүлүк коалиция лидерлерин кабыл алды
Саясат
С. Жээнбеков парламенттик көпчүлүк коалиция лидерлерин кабыл алды


Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик көпчүлүк коалициясынын фракция лидерлери менен жолукту. Ошондой эле жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жана Президенттин Аппаратынын жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. Коалициянын лидери Иса Өмүркулов Жогорку Кеңеш өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча бүгүнкү отурумдагы сунушту колдогунун маалымдады.

"Парламент бүгүн мындай чечимди өлкө кызыкчылыгы үчүн кабыл алды. Коалициялык көпчүлүк ушул курамда эле калды", деп билдирди Иса Өмүркулов. Ошондой эле, ал коалициялык көпчүлүктүн форматы өзгөрүп, ага «Республика-Ата Журт" фракиясы кошулушу күтүлүп жатканын кошумчалады. Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттеги көпчүлүк коалициянын туруктуу ишмердиги өлкөнүн стабилдүү өнугүшүн камсыздай турганын белгилеп, парламенттин аткаруу бийлиги менен жигердүү иш алып баруусуна тилектеш экенин баса белгиледи.