Жаңылыктар
Президент премьер-министрди жана өкмөттү отставкага кетирди
Саясат
Президент премьер-министрди жана өкмөттү отставкага кетирди

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Президент Жогорку Кеңештин Өкмөткө ишеним көрсөтпөгөндүгүнө байланыштуу, Конституциянын 85-беренесинин 6-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Мыйзамдын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктун жетекчиликке алып, Өкмөттү отставкага кетирди. 

Жарлыкка ылайык, Премьер-министр, вице-премьер-министрлер, Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык Өкмөттүн мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышат. Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.