Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунда жол оңдоодо жемкорлук аныкталды
Коррупция
Ысык-Көл облусунда жол оңдоодо жемкорлук аныкталды

Ысык-Көл облусунда унаа жолун оңдоо иштеринде чыгашаларды эбегейсиз көп көрсөтүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Облустук көзөмөлдөөчү орган Ананьев айыл аймагынын унаа жолдорунун оңдолушу боюнча иликтөө жүргүзүп, натыйжада 1 миллион 617 сом ашыкча коротулганын таап чыккан. Маалыматтарга караганда, тиешелүү кызматтык адамдар билип туруп эле расмий документтерди бурмалаган.

Ысык-Көл районундагы Ананьев айыл аймагы он миңден ашык калкы бар эң чоң айылдардын бири. Айылда таза суу, көчөлөрдү жарыктандыруу, жолдорду калыбына келтирүү сыяктуу толуп жаткан маселелер бар. Айылдын үстүңкү бетинде Көк-Дөбө айылы он чакырым алыстыкта жайгашкан. Дал ушул Көш-Дөбөгө кетчү жолду оңдойбуз деп 2015-жылдары жергиликтүү бийлик чамына киришип, буга Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 5 миллион сомго жакын каражат бөлдурүп алган. Ал каражатка мурун асфалть төшөлгөн бул жол каттамындагы аң чөнөк жамалып, жол ирээтке келтирилмек.


Адистердин айтымында 4,5 миллион сом жолдун үстүңкү катмарын битум аралашкан майда таш менен түздөөгө жетмек. Бул жолду оңдоо иштерин жергиликтүү жол чарба ишканалары эмес, бул жерден миңдеген чакырым алыс Ноокен районундагы Маасы айылында катталган "За прогресс" жоопкерчилиги чектелген коому жасамай болот. Аталган мекеме же уйдан жок, же уй байлаган жиптен жок кылып, жолдун аң чөнөгүн жамамыш этип, 4,5 миллион сомду алып баса берген. Таң калыштуусу бул жол толук, сапаттуу жасалды деп Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун техникалык адистери, айыл башчылары кол коюп берген.