Жаңылыктар
Сапар Исаков башында турган өкмөт отставкага кетти
Саясат
Сапар Исаков башында турган өкмөт отставкага кетти

Сапар Исаков башында турган өкмөт отставкага кетти. Кыргызстандын парламенти бүгүн министрлер кабинетине ишеним көрсөтпөө боюнча демилге көтөрүп, аны жүздөн ашык депутат колдоду. Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин чечими өлкө башчысына жөнөтүлүп, президент Сооронбай Жээнбеков “Өкмөттүн отставкасы жөнүндө” жарлыкка кол койду. 

Жогорку Кеңештин кезектеги жалпы жыйыны. Күн тартиби боюнча эл өкүлдөрү бүгүн жол коопсуздук көйгөйү, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу, аны менен катар мамлекеттин мүлкүнө байланышкан жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндөгү маселелерди карамак. 

Бирок, депутаттардын алдында чечим кабыл ала турган башка маанилүү маселе бар экенин айтып, эл өкүлү Жыргалбек Турускулов күн тартибине өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. 



Анын сунушун Ата Мекенчилердин лидери Алмамбет Шыкмаматов колдоого алды. Депутаттардын сунушу колдоого алынып, өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси биринчи болуп каралды. Маселе боюнча буга чейин парламенттин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот укук маселелери боюнча комитети чечим чыгарган. Аны комитет төрагасы Канат Керезбеков тааныштырды.

Комитеттин чечими дароо добушка коюлду. Өкмөттүн 2017-жылга карата отчётун мурунку жумада коалициядагы КСДП жана Кыргызстан фракциялары карап, колдошкон. Андан кийин министрлер кабинети коалициялык азчылыккка отчет берип, бирок үч фракция өкмөттүн былтыркы жылдагы ишине канааттанган эмес. Андыктан өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлүп, бүгүн ага жалпы парламент добуш берди.