Жаңылыктар
Баш мыйзамдын укуктук корголушу
Кыргызстан жаңылыктары
Баш мыйзамдын укуктук корголушу

2010-жылы кабыл алынган Конституция бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сактай алды. Баш мыйзамга андан кийинки киргизилген өзгөртүүлөр дагы коомдун өнүгүүсүн камсыздоого, тынчтыкты сактоого жана демократиялык баалуулуктарды туу тутууну шарттай алды. 


Мындай ойлор Бишкекте ондон ашык мамлекеттердин Конституциялык сотторунун төрагаларынын катышуусунда Конституциянын үстөмдүгү, анын түздөн-түз колдонулушу жана Баш мыйзамдын укуктук корголушун камсыз кылуу маселелерине арналган эл аралык конференцияда айтылды. Жыйында чет өлкөлөрдүн бул багыттагы тажрыйбалары боюнча баяндамалар жасалды. 


Баш мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууда конституциялык көзөмөлдүн орду, мамлекеттеги конституциялык туруктуулук, конституциялык көзөмөл органынын кабыл алган чечиминин мааниси жана Конституциянын түпкү мазмуну. Он эки мамлекеттин соттору жана конституциялык соттордун төрагалары дал ушул багыттагы тажрыйбалары менен бөлүштү.

Кыргызстан быйыл Конституциянын 25 жылдыгын белгилейт. 1993-жылы 5-майда Баш мыйзам кабыл алынган. Бирок эгемен өлкө активдүү конституциялык өнүгүү жагынан айырмаланып турат. Жыйырма беш жыл аралыгында Кыргызстанда Конституция 9 жолу өзгөргөн. Тилекке каршы 2007-жылга чейин Баш мыйзамга кирген түзөтүүлөрдүн баары бийликти бир колго топтоо максатында жүргүзүлгөн-дейт Эркинбек Мамыров.