Жаңылыктар
Албек Ибраимов Ош базарындагы өрттөн чыгымга учураган ишкерлер менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Албек Ибраимов Ош базарындагы өрттөн чыгымга учураган ишкерлер менен жолукту

Ош базарынын күйүп кеткен аймактары 3 айдын ичинде калыбына келтирилет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов өрттөн чыгым тарткан ишкерлер менен жолукканда билдирди. 


Аларга Ош базарынын айланасынан убактылуу соода жайлары бөлүнүп берилди. Өрттөн жабыркагандар дагы бир нече шарттардын түзүлүшү боюнча өтүнүчтөрүн айтышты.


Ош базарында чыккан өрттөн чыгымга учураган ишкерлер калаа башчысы менен жолуккан учурда 4 талапты айтып чыгышты. Алар: убактылуу соода жайларын бөлүп берүү, ишкердик үчүн алган насыяларынын мөөнөтүн узартып, пайыздык үстөгүн төмөндөтүү, мамлекеттик кенемте маселеси жана соода жайларына видео көзөмөл орнотуу. Бишкек шаарынын мэри убактылуу соода жай маселесин ошол жерден чечип берди.


Шаар башчысы Ош базарынын тилсиз жоо каптаган аймактары 3 айдын ичинде калыбына келтирилерин билдирди. Учурда өрттүн кесепетинен келтирилген зыяндын көлөмүн баалоо боюнча түзүлгөн комиссия тарабынан жабыркаган ишкерлердин тизмеси түзүлүп жатат.

Ибраимовдун айтымында, азыр Улуттук банк менен ишкерлер алган насыялардын пайыздык үстөктөрүн төмөндөтүү жана мөөнөтүн узартуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал эми Ош базарын башка жакка көчүрүү маселеси - келечекте карала турган иш деди калаа башчысы.