Жаңылыктар
Сузактын Кара-Чолок айылында окуучулар айылдагы үйлөрдүн биринде билим алууда
Кыргызстан жаңылыктары
Сузактын Кара-Чолок айылында окуучулар айылдагы үйлөрдүн биринде билим алууда

Сузак районунун Кара-Чолок айылында окуучулардын тең жарамы айылдагы үйлөрдүн биринде окуп жатат. Анын себеби №54 Ысмайыл атындагы жалпы билим берүүчү мектептин имараты авариялык абалга кептелип, окуучуларды анда окутууга тыюу салынган. 

Кара-Чолок айылындагы аталган мектептин имараты эки корпустан турат. Бирөөсү 1936-жылы курулган. Кылымга жакын кызмат кылган имарат мына минтип эскилиги жетип, 2013-жылы тиешелү кызматтар тарабынан "окууга болбойт", деген чечим чыгарылган. 

Бирок башка имарат жок болгондуктан, 2017-жылдын аягына чейин авариялык имаратта билим берүү уланып келген. Ал эми быйыл ата-энелер аталган кооптуу имараттан балдарын окутууга каршы чыккандан кийин, окуучулардын 100 гө жакыны айылдагы үйлөрдүн бирине көчүрүлгөн.

Ал эми мектептин 1980-жылдары курулган, учурда авариялык эмес делген экинчи корпусунда окуу уланууда. Бирок мында да шарт жакшы эмес. Бөлмөлөрү тар. 2003-жылы курулушу башталган, 200 орунга ылайыкташтырылган жаңы мектептин курулушу ушул күнгө чейин бүтпөй келет. Быйыл мектептин чатыры жабылган. 15 жылдан бери бүтпөй жаткан курулуш боюнча мектеп жамаатынын кайрылбаган жагы, каккылабаган эшиги калган эмес.