Жаңылыктар
Бишкекте “Кыргызстан - 2018” эл аралык көргөзмө-жарманкеси ачылды
Экономика
Бишкекте “Кыргызстан - 2018” эл аралык көргөзмө-жарманкеси ачылды

Бишкекте “Кыргызстан - 2018” эл аралык көргөзмө-жарманкеси ачылды. Жыйырманчы ирет өтүп жаткан көргөзмөнү кыргыз өкмөтү жана соода-өнөр жай палатасы уюштурган. Анда атамекендик өндүрүштөн чыккан азык-түлүктөр жана суусундуктар, кийимдер жана жабдыктар коюлду. Иш-чара 23-апрелге чейин созулат. Бул арада чет элдик жана кыргызстандык ишкерлер ортосунда бир катар келишимдер түзүлүүсү күтүлүүдө. 


Текстилдик өндүрүштөр, кийизден жасалган буюмдар, жаңы технологиялык товарлар менен бирге күнүмдүк турмушта пайдаланылган продукциялар. Мунун бардыгы Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Корея, Кытай жана башка өлкөлөрдөн 30 дан ашуун компания катышкан көргөзмөгө коюлду. Ошондой эле Кыргызстандын аймактарынан келген бир катар ишканалар, жеке ишкерлер көргөзмөдө өз товарларын сунушташууда.

Кезегинде чет элдик ишкерлер Кыргызстандан өндүрүлгөн балга жана кыргыз коньягына кызыктар. Краснодар крайынан келген делегаттардын баамында, Орусиянын соода борборлору Кыргызстандын экологиялык жактан таза жана сапаттуу азык-түлүктөрү менен жер-жемиштерине суусап турат.