Жаңылыктар
Айбек Калиевди тергөө аяктаганча абакта кармоо чечимин чыгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Айбек Калиевди тергөө аяктаганча абакта кармоо чечимин чыгарылды

"Улуттук энергетика холдинги компаниясынын" мурдагы төрагасы Айбек Калиев тергөө абагына отургузулду. Бул туурасында УКМКдан маалымдашты. Калиев 18-апрелде "Бишкек ТЭЦин модернизациялоо" долбоорунун алкагында козголгон кылмыш иши боюнча шектүү катары кармалган. 

Маалыматта Биринчи Май райондук соту Калиевди тергөө аяктаганча абакта кармоо чечимин чыгарган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылууда. 

Ушул эле иштин алкагында Жалал-Абад шаарынын мэри, ага чейин "Электр станциялары" Ачык акционердик коомунун башкы директору болуп иштеген Салайдин Авазов менен орун басары Жолдошбек Назаровго дагы айыбы угузулуп, "Коррупция" беренесинин негизинде тергөө аяктаганча абакка киргизилди.