Жаңылыктар
Түркияда Чыңгыз Айтматов жылы салтанаттуу башталды
Маданият
Түркияда Чыңгыз Айтматов жылы салтанаттуу башталды

Түркияда Чыңгыз Айтматов жылы салтанаттуу башталды. Залкар жазуучуга арналган иш-чара Анкара шаарында болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты. 

Иш-чарага катышып жаткан Султан Жумагулов улуу жазуучу Айтматовдун 90 жылдыгы дүйнөнүн көп жерлеринде белгиленип жатканын айтты. 

Ошондой эле ал Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган "Айтматов жана чакырыктар" аталышындагы интеллектуалдык форум тууралуу маалымат берип, жалпы кыргыз журтчулугунун атынан сыймыктуу мекендешибизди эскерип жаткан түрк өкмөтүнө ыраазылыгын билдирди. 

Айматовго арналган иш-чаралар Түркияда 22-апрелге чейин уланат.